31 жаштагы жигит 91 жаштагы кемпирдин колун сурады

3 апреля 2018 15:13 4602 Barometr
Поделиться в:
ok

“Сүйүү жашка карабайт” деп коюшат эмеспи. 31 жаштагы Кайл Джонс 91 жаштагы чоң эне Марджори Маккулду жакшы көрүп калып анын колун сурады. Бул тууралуу Elite Readers булагы кабарлады.

Акыркы учурларда бул таң калыштуу түгөйлөр тууралуу көпчүлүк ЖМКлар жазышууда. Алардын бирине курган маекте Марджори “мага сүйүү да, көңүл буруу да жетиштүү” деп билдирди.

Кайл да анын кебин тастыктады. “Мен анын бетиндеги ар бир бырышын жакшы көрөм”,-деп айтты жигит.  

Алар алгач ирет 2009-жылы китеп дүкөндөн таанышкан. Марджори  ал кезде жалгыз жашачу, 37 жыл мурда күйөөсү менен ажырашкан. Акыры Кайл менен мамиле курууга макулдугун берген. 

Бирок көбү жигит чоң энени сүйбөй эле анын байлыгына кызыгууда дешүүдө, бирок Марджори анын эч кандай  байлыгы жок экенин тастыктоодо.

Ссылка: https://barometr.kg/content13059



Добавить комментарий