Маршруткаларга бойкот кылып жөө басууну сунушташууда

2 апреля 2018 12:59 1748 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандыктарга маршруткаларга бойкот кылып жөө басууну сунушташты. Бул тууралуу Фейсбуктун колдонуучусу Улан Джумаков баракчасына жарыялады.

“Бүгүн Бишкектин тургундары маршруткалардын күтүүсүз иш таштоосуна күбө болушту.    

Иш таштоо ЖМКда эртерээк эскертилиши керек. Бирок маршруткачылар жарандарга “чоң болт” таштады.

Ошондуктан баардык жарандарды бүгүн маршруткатчыларга байкот кылып жөө басууга чакырам, келгиле жөө жүрөбүз, жакшы жагы көчөдө жылуу, бир нече күндөн кийин жөө жүргүнчү ташуучу фирмалар өздөрү жалдырап келет!”,-деп жазат Улан Джумаков.

Ссылка: https://barometr.kg/content13000



Добавить комментарий