Атамбаев: Сапар Исаковго убакыт берүү керек

31 марта 2018 13:52 591 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 31-мартта болгон басма сөз жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы Сапар Исаков  анын шакирти деген кептерге комментарий берди.   

Анын айтымында, азыркы өкмөт башчы Исаков көп ката кетирет, бир нерсени тез баштап жиберет, мисалы “Коопсуз шаар” долбоорун.

“Бирок “Коопсуз шаар долбоору тууралуу сөз 10 жылдан бери жүрүп келе жатат, ишти баштаган Исаков болду”,-деп айтты Атамбаев.

Экс-президент Сапар Исаковго убакыт берүү керек деп эсептейт жана бир жылдан кийин анын жыйынтыгы билинет.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12971



Добавить комментарий