Футболчуларга 1 млн. сомго сертификат тапшырылды

31 марта 2018 12:49 655 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары жана машыктыруучулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

С.Жээнбеков команданы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү Азия кубогуна жолдомо жеңип алышы менен куттуктап, спортчуларга бул ийгилиги үчүн ыраазычылык билдирди.

“Бул чоң жетишкендик жана чоң ийгилик. Сиздер эң мыкты сапаттарыңарды көрсөттүңөр. Ар бириңерге кандай кыйын болгонун, тандоо этабы канчалык оор экенин билебиз жана сиздерге дайыма күйөрман болдук. Кыргызстан курама командасы акыркы мезгилде ушундай жакшы оюнду бекеринен көрсөтпөгөнүн бүт дүйнөгө далилдедиңер. Бул татаал болду, бирок сиздер өзүңөрдүн эң мыкты сапаттарыңарды көрсөттүңөр”, - деди С.Жээнбеков.

Президент футболисттер дагы, аларды маанилүү оюндарга даярдаган машыктыруучулары, спорт дарыгерлери дагы ыраазычылыкка татыктуу экенин белгиледи.

Курама команданы дүйнөнүн эң мыкты жүз командалардын катарына киргенине жана континенттин 47 командасынын ичинен 12-орунда болгонуна кубанычта экенин билдирген өлкө башчы спортчуларга ийгиликтерди каалады Ошону менен бирге мамлекет спортчуларды ар дайым колдоорун белгилеп Кыргызстандын курама командасына 1 млн. сомго сертификат тапшырды.

“Сиздердей болгон спортчуларыбыз көбүрөөк болсун. 2019-жылы да Азия чемпионатында татыктуу оюн көрсөтүп, байгелүү орунду ээлейсиңер деп ишенем. 330 миң калкы бар Исландия командасы Англияны утканы баарыбыздын эсибизде. Баарыбызга ушундай ийгилик каалайм. Кыргызстандыктар сиздерден жаңы жеңиштерди күтүшөт!”, - деди С.Жээнбеков.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12963



Добавить комментарий