ТИМ кыргызстандыктарга футбол боюнча эскертүү таратты

30 марта 2018 17:53 779 Barometr
Поделиться в:
ok

«Россиядагы ФИФА-2018 Дүйнөлүк футбол чемпионатын» өткөрүүгө даярдык көрүүнүн алкагында Россиянын аймагында коопсуздук чараларынын күчөгөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарга эскертуү жарыялады.

ТИМ зарылдык жаралбаса  «ФИФА-2018 Дүйнөлүк футбол чемпионаты» өтүүчү Россиянын шаарларына убактылуу баруудан карманып турууну сунуштады.

Эскерте кетсек, Россия Федерациясындагы ФИФА-2018 Дүйнөлүк футбол чемпионаты өтүүчү шаарлар - Москва, Санкт-Петербург, Казань, Волгоград, Екатеринбург, Калининград, Ростов-на-Дону, Нижний Новгород, Самара, Саранск, Сочи болуп саналат.

Россия президентинин 2017-жылдын 9-майындагы №202 Жарлыгына ылайык Россиянын аймагында күчөтүлгөн коопсуздук чаралары киргизилет. Ошого жараша 2018-жылдын 25-майынан 25-июлуна чейин чет өлкөлүк жарандарды келген жери же жашаган дареги боюнча эсепке алуу жана каттоо “ФИФА-2018 Дүйнөлүк футбол чемпионатын” уюштуруучу шаарларында бир сутка (күн) ичинде жүргүзүлөт.

Дүйнөлүк футбол чемпионатын өткөрүү мезгилинде Россиянын аймагына барган Кыргызстандын жарандары  чет өлкөлүк жарандарды каттоо тартиби жөнүндө Россия ИИМнин Усулдук сунуштары менен таанышып алуусун сунуштайбыз. Бул маалымат Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сайтында дагы жайгаштырылды. http://mfa.gov.kg/contents/view/id/379

Ссылка: https://barometr.kg/content12944



Добавить комментарий