Чолпон-Атада 53 жаштагы кароолчу 12 жаштагы кызды зордуктады

30 марта 2018 15:27 2209 Barometr
Поделиться в:
ok

Чолпон-Ата шаарында эркек киши 12 жаштагы кызды зордуктап кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.    

Милицига кыздын апасы арыз менен кайрылган.

“Бул ишке шектүү делип 53 жаштагы күзөтчү кармалды. Анын айтымында кечки саат 20.30 кичинекей кыз келип анын унаасына отуруп турууну суранган.Ал ачка болгонун жана үшүгөнүн айткан. Кароолчу аны күзөтчүлөрдүн буткасына алып кирип чай берип анан зомбулук көрсөткөн. Кийин үйүнө жеткирип койгон. Кармалган эркек кыздын өз каалоосу менен ушундай ишке барганын айтууда”,-деп кабарлашты милициядан.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12935



Добавить комментарий