Өкмөт башчы Исаковду Ферганада бийлеп тосуп алышты

29 марта 2018 14:55 600 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 29-мартта премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин алгачкы кеңешине катышуу үчүн Фергана шаарына келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

«Достук-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункттунда Өкмөт башчыны Андижан облусунун губернатору Шухратбек Абдурахмонов тосуп алды.

Премьер-министр Сапар Исаков Кеңештин жыйынына катышуу алкагында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен тар курамда жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптык өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкө ортосундагы чек-ара кызматташтыгын мындан ары дагы өнүктүрүү боюнча перспективалар талкууланды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12899



Добавить комментарий