Футбол: Кыргызстан-Индия мелдеши башталат

27 марта 2018 15:32 599 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 27-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча курама командалары беттешет. 

Эскерте кетсек, 22-мартта Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманын курамасы менен беттешип, 5:1 эсебинде жеңген. Жеңиш Азия кубогуна жолдомо утуп алууга мүмкүндүк берди.

Тандоо турунда Кыргызстан Макао, Индия жана Мьянма менен бир группада ойнойт. Индия менен Кыргызстандын футбол командаларынын беттеши группадагы биринчиликке ким ээ болорун аныктамакчы.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12827



Добавить комментарий