Таласта келинди милиция бөлүмүнүн жанынан жаш балдардын көзүнчө зордукташкан

25 марта 2018 19:59 2533 Barometr
Поделиться в:
ok

 Талас районунун Чат-Базар айылында 1989-жылы туулган жаш келиндин үйүнө түнкү саат 21:00дө белгисиз адамдар кирип келишип, аны оор нерсе менен башка чаап, думуктурушкан. Келин эс учун жоготуп жатканда кылмышкерлер аны зордукташкан жана үйүндөгү баалуу буюмдарын алып кетип калышкан. Бул тууралуу  Barometr.kgге айыл тургундары кабарлашты.   

Кылмыш болгон учурда  үйдө эки жаш бала болгон. 

Келин кылмышкерлер кеткенден кийин балдардын бакырып ыйлаганынан улам эсине келген. Ал коңшуларын эптеп жардамга чакырып алар милиция чакыртышкан.

 Милициянын айылдагы бөлүмү жабырлануучунун үйүнүн каршысында болгон.

Учурда кылмышкерлер табыла элек.

Ссылка: https://barometr.kg/content12757



Добавить комментарий