Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев УКМКга сурак берди
Поделиться в:
Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде суракка алышты. Чекисттердин берген маалыматына таянсак, сурак эки миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттин акчасын менчиктеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында болуп жатат.
Буга чейин каражат жоголгонунан улам парламенттин комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров кармалган. Азыркы учурда тергөө Закиров менен “табакташ” болгондорду аныктап жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content12726
Добавить комментарий ×