Ноокатта официант кыз 22 жаштагы самсы жасаган жигитти өлтүргөн

23 марта 2018 13:25 1488 Barometr
Поделиться в:
ok

Ноокаттын чайханасында иштеген 19 жаштагы официант кыз өзүнүн кесиптешин өлтүргөн. Бул тууралуу Ош областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Кыз 22 жаштагы самсы жасаган жигит менен уруша кетип аны ашкана бычагы менен көкүрөккө сайган.

“Жигитти дароо ооруканага жеткиришкен, бирок ал эсине келбей жатып каза тапты. Шектүү кыз камакка алынды”,-деп кабарлашты областтык ички иштер башкармалыгынан.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12724



Добавить комментарий