Экс-депутат: Сурак бере баштадым, жакында камап коюшат го

22 марта 2018 09:29 1087 Barometr
Поделиться в:
ok

Парламенттин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев аны камакка алышат го деп чочулоодо. Бул тууралуу ал кечээ, 21-мартта Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.

Осмоналиевдин кабарында аны укук коргоо органдары суракка алып жатышканы айтылат. Суракка анын жактоочусу дагы катышкан.

Осмоналиев 2014-жылы козголгон кылмыш ишине байланыштуу суракка алып жатышканын түшүндүрдү.

“Тергөөнүн версиясына ылайык парламенттин билим берүү боюнча комитетинин башчысы болуп турганда 27 абитуриенттин жогорку окуу жайга өтүүсүнө көмөк берем деп пара алган экемин. Бул кылмыш иши 2015-жылы эле кылмыш курамынын жоктугуна байланышуу жабылган”,-деп нааразы болду экс-депутат.

УКМК берген маалыматка таянсак, ага карата кылмыш иши Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12663



Добавить комментарий