Милициянын полковниги 19 кг баңгизаты менен кармалды

21 марта 2018 22:59 751 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин кызматкерлери тарабынан учурда иштеп жаткан милиция кызматкери ири көлөмдөгү баңгизаты менен кармалды. Анын жанынан 19 кг гашиш табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Милиция Ош-Баткен жолунда Honda Inspire унаасы менен кармалган. Унаасын токтоткон учурда ал аябай тынчызданган,  тинтүүгө алган кезде 19 кг афган гашиши табылды.

Милициянын полковниги  А. А.га карата кылмыш иши козголуп, камакка алынды.  

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12657



Добавить комментарий