Денизлиде кармалган адам касапканада иштеген, кызды зордуктап өлтүргөн

21 марта 2018 22:46 3547 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркиянын Денизли шаарынын жергиликтүү маалымат агенттиги кыргызстандык кыздын өлүмү боюнча кеңири маалыматтарды жарыялады. Полиция бул ишке шектүү деп 30 жаштагы жаранды кармаган.

 Ал Памуккале районундагы касапканада иштейт. Ал күнү кызга үйгө ала кетүүнү сураган. Кыз кафедеги ишинен кайтып келе жаткан жана эркектин сунушунан баш тарткан. Түркиянын жараны аны күч менен унаага салып ээн жерге алып барып зордуктаган жана өлтүрүп, денесин жол кырсыгынан өлгөндөй көрүнсүн деп унаасы менен тебелеген.

Сурак маалында ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алды, учурда камакта.

Ссылка: https://barometr.kg/content12656



Добавить комментарий