Түркияда Ырыскул Жээнбек кызын муунтуп өлтүрүүгө шектүү адам кармалды

21 марта 2018 22:22 959 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркиянын Денизли полициясынын кызматкерлери Памуккале окуругунда кыргызстандык кызды муунтуп өлтүрүүгө шектүү адамды кармады. 

Haberler.com булагы кабарлагандай шектүү Б. Ю. кызды кокусунан өлтүрүп алганын мойнуна алган.

Эскерте кетсек, кечээ 20-мартта түрк ЖМКлары жол жээгинде 26 жаштагы кыргызстандык Ырыскул Жээнбек кызынын сөөгү табылганын жазышкан. Адегенде кызды унаа тебелеп кеткен андан кийин аны муунтуп салышкан.

Учурда кыздын сөөгү Памуккале университеттик ооруканасынын моргунда жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content12655



Добавить комментарий