Жогорку Кеңештин төрагасы момпого 5 миң сом, Камчыбек Жолдошбаев 100 доллар берген

20 марта 2018 16:22 953 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин төрагасы бүгүн, 20-мартта Нарында Калкты тейлөө борборунда болуп кардарларга түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ал жактан чыкканда Дастанбек Жумабеков Эрнис Орозбаев жана Нурайым Кадырованын үй-бүлөсүн жолуктурган. Алар борборго үч жаштагы эгиз неберелери Ибрагим, Ибрахим жана алардын иниси Исмаил менен келишкен.

Төрага үй-бүлө менен эстеликке сүрөткө түшүп, балдарга момпосуйга 5 миң сом берди. Жанындагы депутат Камчыбек Жолдошбаев балдарга 100 доллар берди.

Балдардын ата-энеси Бишкекте иштери, дагы бир небереси ата-энеси менен борбордо турары белгилүү болду.

Ссылка: https://barometr.kg/content12633



Добавить комментарий