Red Bullдун банкасынан табылган өлгөн чычкан элди шок кылды (видео)

16 марта 2018 17:01 1270 Barometr
Поделиться в:
ok

Арканзаста жашаган Джош Хенли аттуу жигит энергетик алууга дүкөнгө барып Red Bull сатып алган. Бирок ал банканын түбүнөн өлгөн чычканды тапкандан кийин эмне кылар айласын таппай калды. Бул тууралуу Daily Mail кабарлады.

Чычкандын кайдан банкага түшкөнү белгисиз. Хенли банканын түбүндө бир нерсе бар экенин сезгенден кийин ану кескен, бул учурдун баарын камерга тарып алган. Жигит Red Bull энергетигин сүйүүчүлөрдү абай болууга чакырды.

Видео 15 миң лайк алды жана аны 34 миң киши бөлүштү, 27 миллион киши көрдү.  

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12519



Добавить комментарий