Кооптуу жер көчкү жылып келди, алты үй-бүлө шашылыш көчүрүлдү
Поделиться в:
Сузак районунда кооптуу жер көчкү жыла баштады. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
Жер көчкү Акчалуу айлынын үстүнө жылып келген. Анын көлөмү жарым миллион кубометрге жакын.
Алты үй-бүлө шашылыш түрдө коопсуз аймакка көчүрүлдү. Айылга барчу жол жабылды.
ӨКМнын куткаруучулары жана жергиликтүү бийлик жагдайды көзөмөлдөөсүн улантууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content12517
Добавить комментарий ×