Акчаны көбөйтүш үчүн аны үйдүн кайсы жерине сактоо керек?

16 марта 2018 15:41 3796 Barometr
Поделиться в:
ok

Акча бул бактылуу жана байгер жашоонун ажырагыс бөлүгү. Фен-шуй же болбосо мейкиндикте заттарды туура жайгаштыруу боюнча Кытайдын байыркы илимине ылайык, каржылык агымды туура кармап калыш үчүн үйдөгү акчаны сактоочу жайга дагы көңүл буруш керек экен. 

“Сиздердин акча каражатыңар кээде канчалык көп тапкан учурда деле жукпай кайда кеткени билинбей калат. Сактап, чогултуп жаткан каражатыңыздарды көбөйүш үчүн аны кайда сактоонун жолун билген туура. Акчаны терс энергетикасы бар жерге сактаганга болбойт”,-деп айтылат фен-шуй илиминде.

 Фэн-шуйга ылайык үй бир нече зонага бөлүнөт. Бир зонада- сүйүү, бир зонада - конфорт жана ийгилик, дагы бир аймакта байлыктын энергиясы жайгашат.

 “Байлык топтолушу үчүн акча чогулткан копилканы үйдүн түштүк-чыгыш аймагына койгон туура. Ал эми акча тура турган аймакты жашыл, фиеолетовый жана алтын түстө кылган дурус. Ошондой эле бул аймакка жандуу гүл мисалы, акча дарагын койгон жакшы. Бир аз суусу бар аквариум же болбосо кооз, шаркыратма суунун, терең дайранын, деңиз же океандын сүрөтү бар картина тагып койсо ого бетер жакшы”,-деп айтылат фен-шуй илиминде.

Ошондой эле акчаны үйдөгү “күч-кубат оруну” деп аталган жайга сактасаңыз да болот. Аны жеке интиуцияңызга карап таап аласыз. Маселен, бөлмөнүн же турак жайдын бир бурчу сизге жагымдуулук тартууласа, бир жерине эс алгыңыз келбей маанайды чөктүрөт. Сизди жакшы эс алдырып, келечекке умтулуучу шык берген үйдөгү бөлмө, бурч күч оруну деп аталат. Бул жерге акча сактоо да анын көбөйүшүнө жол ачат.

Ссылка: https://barometr.kg/content12516



Добавить комментарий