Малдын баарын унаадай кылып каттоодон өткөрүү керек дешти

16 марта 2018 14:28 1397 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстандагы баардык малды  кыймылдуу мүлк катары каттоого алуусу зарыл. Бул жөнүндө бүгүн парламентте «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев сунуштады.

“Сиздер каттоо кызматы деп аталасыздар. Бирок мал менен гидроэлектростанцияларды каттаган эмесиңер”,-деп нааразы болду депутат.

Буга МККнын өкүлдөрү Кыргызстандагы ири ГЭСтин баары каттоого алынганын айтып жооп узатышты

Ссылка: https://barometr.kg/content12514



Добавить комментарий