Якутскиде учактан чачылган алтын куймаларынын баасы 55 миллион доллар болду

16 марта 2018 11:45 1191 Barometr
Поделиться в:
ok

Якутск аэропортунда Ан-12 учагынан чачылган алтын куймалардын баасы 55 миллион долларды түзөт. Баардыгы болуп «Нимбус» авиакомпаниясынын учагында 9 тонна баалуу металл болгон.

ТАСС маалымдагандай, 172 куйманы баары учурда чогултулду. Окуянын себептери аныкталууда.

Буга чейин белгилүү болгондой, учактын люгу ачылып кетип ичиндеги алтын жана платина куймалар жерге чачылган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12499



Добавить комментарий