Үйгө бакыт жана ийгилик алып келе турган бөлмө гүлдөрү (фото)

15 марта 2018 16:25 6469 Barometr
Поделиться в:
ok

Бөлмө гүлдөрү үйдү ыңгайлуу гана кылбастан үйгө үй-бүлөлүк бакыт, ийгилик алып келет деп эсептешет экен.  

Ийгилик алып келчү гүлдөрдүн катарына төмөнкү бөлмө гүлдөрүн карашкан.

Аукуба-аны “алтын дарак” деп да атап коюшат, бул гүлдүн энергетикасы анын ээсинин карьерасын жогорулатууга жардам берет дешет. Ал эми офиста ал жамаатты достук, ынтымакка алып келет экен.

Синнингия- ийгиликтин жана материалдык байлыктын тумары деп коюшат.

Антуриум - бул гүл турган атмосфера кубаныч тартуулайт экен.

Маранта- бул гүл аналитикалык жактан ойлонууга жардам берет. Ынтаа коюну күчөтөт, жаңы билим алууга шыктандырат деп коюшат.

Гинура-чыгармачылык адамдарга шык берет. Үйдүн абасын терс энергиялардан тазартып турат.

Ссылка: https://barometr.kg/content12483



Добавить комментарий