Быйыл мектептерде ысык тамак уюштурууга бөлүгөн акча көбөйтүлдү

15 марта 2018 14:41 496 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөт 2018 жылы мектептерде ысык тамак уюштурууга 555 млн. 941,7 миң сом бөлдү. Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул 2015-2017-жылдары ар жыл сайын бөлүнгөн суммадан 121 505,5 сомго көп.

Министрликте белгилегендей, мектеп окуучуларын тамак-аш менен камсыз кылуу билим берүү системасынын стратегиялык багыттарынын бири болуп саналат. Анткени атап айтканда мектеп курагы баланын негизги өнүгүү жана жашоо образы, анын ичинде  тамак-аш түрү түзүлүүчү мезгили болуп саналат.

Бул иштин алкагында негизги документтер иштелип чыккан – "Мектептик тамакты өнүктүрүүнүн негизги багыттары" жана “Пилоттук мектептерде мектептик тамакты өнүктүрүү программасы". Ошондой эле, Өкмөттүн чечими менен ысык тамак уюштурулган мектептерге ашпозчулардын штаты киргизилген.

Ссылка: https://barometr.kg/content12479



Добавить комментарий