Соцтүйүндөрдө Тогуз-Тородо башаламандыкка чакырыктар кайрадан таратылууда

15 марта 2018 13:37 927 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык түйүндөрдө Тогуз-Тородо башаламандыкка чакырган жазууларды жайылтуу улантылып жатат.

WatsAp социалдык түйүнүндө тургундарды алтын алуучу фабриканын курулушуна каршы митингге чыгууну жана инвесторлорду Кыргызстандан кубалып чыгууну айткан чакырыктар таратылган.

Негизинен түйүндө активдүү жайылтылып жаткан кабарламаларда тургундарды заводду басып алууга чакырышкан. Ошондой эле кабарлармаларда “жергиликтүү бийлик элдин кызыкчылыгын кытайлыктарга сатып салды жана ошондуктан митингге чыгуу зарыл” деген элдин сезимине таасир берген манипуляциялар бар.

Бул арада КРнын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов Barometr.kgге мындай чакырыктар тууралуу комментарий берип жатып укук коргоо органдары Тогуз-Тородо башаламандык болуусуна жол бербей турганын баса белгиледи.

Элди дүрбөткөндөргө карата эң катуу чаралар колдонулат.

 "Ооба, ыкчам иликтөө иштеринин алкагында биз мындай чакырыктар бар экенин аныктадык. Бүгүнкү күндө ар кандай маалыматтар бар. Иликтөө иштеринин кызыкчылыгына байланыштуу биз аларды айта албайбыз. Тоо-кен тармагындагы жагдайды туруксуздаштыргысы келген кайсы гана аракет болбосун катуу бөгөт коюлат.  Элге чагым салгандарга тиешелүү чаралар колдонулат”,-деп айтты   Сеитов.

Ал ошондой эле 1-мартта Тогуз-Тородо болгон башаламандыктар боюнча укук коргоо органдары тарабынан бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун кошумчалады. 

“Бул иш боюнча 10дөн ашык адам административдик жоопкерчиликке тартылды. Ошондой эле башаламандык фактысы боюнча тергөө уланууда, анын алкагында митингдин демөөрчүсү ким болгону ачыкка чыгууда”,-деп айтты ал.     

Сеитов  азыркы учурда коомдук тартипти буздурбоо боюнча баардык чаралар көрүлүп жатканын белгилеп өттү. 

"Жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте как арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. 10-мартта Казарманда коомдук угуу болуп ага 300гө жакын адам катышты”,-деп айтты Сеитов. 

Эскерте кетсек, алтын алуучу фабриканын курулушу февраль айында эле токтотулган. Ошого карабай Тогуз-Тородо адамдардын тобу жергиликтүү элди митингге үндөп 1-мартта атчандар айлтын алуучу фабриканын аймагына кирип келишкен. Атчандар фабриканын аймагына кирипк елишип баарын талкалай башташкан. ИИМДин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, "Макмал" комбинатынын эки кызматкери Тогуз-Тородогу алтын алуучу фабриканын курулушуна карашы митингге демөөрчү болушкан.   

2018-жылдын 1-мартында  бир топ адамдар “Макмал алтын” комбинатынын эски фабрикасынын жанына «Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясы алтын алуучу фабрика курушуна каршы митинг уюштурган.   

Күзөткө алынган объектинин аймагына саат 15:30да баарын талкалоого чакырык таштаган адамдар кирип келген.

15:58ге карай элдин тобу терезелердин айнектерине таш ыргыта башташкан. Алтын алуучу фабриканы куруп жаткан компаниянын күзөтчүлөрү каршы турууга күчтөрү жеткен эмес. Митингчилердин арасында мас болгон адамдар дагы жүргөн. Андан кийин алар курулуштун терезелерин талкалап жана заводдун аймагына таш ыргытышкан.   

Бул арада Бишкекте жүргөн Тогуз-Торонун акими заводдо башаламандык болгон жок деп ишендирүүгө аракет кылган.  Анын айтымында, митингге чыккандар кар менен терезелерди ургулашкан. Бирок видеодо так көрүнүп тургандай  күзөткө алынган объектинин тосмосунан кирген атчандар баарын талкалоо чакырыгы менен башаламандык уюштурушкан. 

7-февралда Тогуз-Торо районунда жергиликтүү тургундар алтын алуучу фабриканын курулушун токтотуу талабы менен митинг өткөрүшкөн. Нааразылык акциясынын катышуучуларынын пикиринде фабрика болочокто экологияга зыян алып келиши ыктымал. Митингден кийин фабриканын  курулушун токтотушкан.

Алтын фабрикасынын курулушу боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемелерине ылайык, ишке киргенден кийин ишкана концентратты гана кайра иштетип чыгуусу пландалган болчу.

Алтын алуучу фабриканы ишке киргизгенден кийин жез концентарттарды Кыргызстандын аймагынан ташып чыгарышпайт деп күтүлүп жаткан. Азыркы тапта Талды-Булак Левобережный, Бозымчак жана башка кендер концентраттарды Казакстанга чыгарууга мажбур болуп жатышат. 

Фабриканы колдонуу мөөнөтү 8 жыл. Фабрикадан алтын, күмүш жана жез куймаларды чыгарууну пландашкан.

Алтын алуучу фабрика Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы  «Макмалалтын»  комбинатынын аймагында курулуп жатат.

Инвестициянын жалпы суммасы 30 млн долларды түзөт. Алтын алуучу фабриканын курулушунун биринчи баскычында бул суммадан 10 млн долларды инвестициялашкан.

Буга чейин  компаниянын башчысы Адил Кайбалиев Barometr.kgге “митингге чыккандарды атайлап эле адашууга түртүп жатышат жана алтын алуучу фабрика ишке кирген учурда экологияга эч кандай зыян алып келбейт” деп билдирген эле.  

“Концентраттан алтын алган учурда биз цианид колдонбойбуз, күйгүзүү технологиясы дагы колдонулбайт. Болгону 300-400 градустук төмөнкү температурада кычкылдандырууну колдонобуз. Мындай тажрыйба дүйнө жүзүндө коопсуз делип эсептелет”,-деп түшүндүргөн компаниянын башчысы.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12474



Добавить комментарий