Студент келин 3 жаштагы кызын сатыкка койду

15 марта 2018 12:41 1597 Barometr
Поделиться в:
ok

Энеси 3 жаштагы кызын сатарын, анын артынан жыйноо оорчулук пайда кылып жатканын жазды. Бул тууралуу Life.ru. булагы кабарлады.   

Айласы кеткен 22 жаштагы Зои Уэльс төрт саат үйүн жыйнап койгондон кийин тентек кызы аны чачып салган. Кызынын үйдү шумдуктай чачканын көргөндөн кийин ыйларын же күлөрүн билбеген Зоя кызы Айви Роузду сата турганын, мүмкүн болуучу сатып алуучулар анын почтасына кат жазууну суранып социалдык түйүнгө жарыя жазды.

Бул пост кызуу талкуу жараткандан кийин Телфорд университетинин юридикалык факультетинин студенти Зоя жарыяны тамашалап жазганын, кызын жанындай жакшы көрорүн айтып элди тынчтандырды.

Ссылка: https://barometr.kg/content12472



Добавить комментарий