Бишкек-Ош жолунда кармалгандарга ысык-тамак берилип жатат
Поделиться в:
Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүгө байланыштуу Чүй областындагы Сосновка жана Жалал-Абад областындагы Арал бекетинде жылынуу жана ысык-тамак-аш берүү пункттары ачылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Аталган эки бекетке мобилдик үйлөр жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусуна бир чатыр тигилди.
Айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө ысык чай жана тамак-аш берилүүдө.
Жол тазалоо иштерине 41 куткаруучу жана 5 техника тартылды.
Ссылка: https://barometr.kg/content12454
Добавить комментарий ×