Бишкекте эл алдында эркектик мүчөсүн көрсөткөн маршрутканын айдоочу соттолду

14 марта 2018 18:15 7439 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте элдин көзүнчө жүргүнчү аялга эркектик мүчөсүн көрсөткөн айдоочу соттолду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунда чыккан өкүм учурунда белгилүү болду.

Соттогу маалыматтарга таянсак, маршруттук каттамдын айдоочусу  2 баласы менен автобуска түшкөн  аялга балдар үчүн акча төлөөсүн талап кылган. Аял экөөнүн ортосунда чатак чыгып, айдоочу акча салынган коробканы салонго чачып сөгүнгөн.

 Аял балдары менен маршруткадан түшүп баратып аны “эркек эмес экенсиң” дегенде айдоочу жүргүнчүлөрдүн көзүнчө ага өзүнүн эркектик мүчөсүн көрсөткөн. Бул тууралуу жабырлануучу жана күбөлөр тастыкташты.

Бишкек шаардык соту райондук инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырып, бейбаш айдоочуну эки жылга абакка кести.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12441



Добавить комментарий