Үйдөгү энергияны ала турган 11 зат! Алар чыр-чатакты, ооруну пайда кылат

20 декабря 2021 08:01 9581 Barometr
Поделиться в:
ok

Үйдүн ичин таза кармоо, анын мейкиндигин туура уюштура билүүнүн дагы көп сырлары бар экенин айтып жүрүшөт. Айрымдары бул нерселерге ишенсе, айрымдар ишенбейт. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Фен-шуй адистерди үй ичинде төмөнкү буюм-тайымдардын же заттардын болуусу турак-жайдын ички энергиясын кирдетип, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда чыр-чатакты, келишпестикти, ооруну, ал гана турсун жакырчылыкты пайда кылат деп эсептешет экен.    

Камыш - бул бактысыздык жана ооруну чакырат деп эсептешет. Чырмалышып өскөн өсүмдүктөр- мындай өсүмдүктөр оору чакырат. 

Карагай бутактары – бул жаңы жылдык нукура балатыны жазга чейин коюп алгандар үчүн маанилүү. Жаңы жылдык балатыны майрам бүткөндөн кийин ыргытууга болот. 

Пальма- аталган өсүмдүктү үй шартында өстүрсө чатак жана кайгы алып келет деп эсептелинет экен. 

Макулатура  жана бөтөлкөлөр- бул заттар турак-жайдын энергиясын бузуп, жакырчылык алып келет. Эски кийим жана бут кийим- бул кийимдер да жакырчылыкка жол ачат экен. 

Сынган турмуш-тиричилик техникасы- жараксыз болуп калган турмуш-тиричилик буюмдарын колдонууга дагы болбойт. Жаман окуяларды же начар адамды эстеткен буюмдар- бул заттарды эски окуялар менен кошо унутуп, таштандыга таштаңыз! 

Желим идиштер- бул идиштер адамдын энергетикасына туура эмес таасир берет деп эсептелинет. 

Эски косметика- эски косметиканы колдонуу дагы адамдын жолун жабат экен. Эски килем- чаң гана топтобостон терс энергияны дагы өзүнө аябай топтой турган буюм.      

Ссылка: https://barometr.kg/content12436



Добавить комментарий