Бишкек-Ош жолунда 300гө жакын унаа тыгында турат

14 марта 2018 16:38 502 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бишкек-Ош унаа жолундагы коюлган бекеттерде 280 унаа топтолуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Саат 14.20га карай Сосновка бекетинде 100 жүк унаасы, Арал бекетинде 50 жеңил жана 40 оор жүк ташыган унаа, Өтмөк бекетинде 60 жүк унаасы жана 30 жеңил унаа жылбай турат.

Эскерте кетсек, унаа жолунуну 246-чакырымында көлөмү 2,5 миллион куб метр болгон кар көчкүсү түшкөн. Учурда аны тазалоо иштери жүрүп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12433



Добавить комментарий