Бишкекте 17-мартта “Мен ишкермин” жаңы клубунун ачылышына Тиматинин бизнес-консультанты келет

14 марта 2018 11:46 1250 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте 17-мартта “Мен ишкермин” деп аталган жаңы ишкерлер клубунун ачылышына россиялык рэппер Тиматинин бизнес-консультанты Илья Кусакин келет. Бул тууралуу Barometr.kgге “Мен ишкермин” долбоорунун башчысы   Асель Алымбаева билдирди.
Анын айтымында, "Брекстар" бизнес куруу боюнча компаниясынын директору 17-мартта саат 10:00дөн 17:00гө чейин жаш ишкерлер үчүн тренинг өткөрөт.  
"Биздин уюм жаштарды бизнести кандай туура жүргүзүүгө окутат, кантип ката кетирбей коюуга көмөктөшөт. “Бизнесте биринчи болгуң келсе ийгиликтүү адамдар менен иш алып бар”,- деп коюшат го. Буга байланыштуу биз эң ийгиликтүү бизнес-консультанттарды чакырдык, алар өз тажырыйбалары менен бөлүшөт. Сөз тееориялык жактан гана эмес, иш жүзүндө ийгилик жараткан адамдардын кеп-кеңеши тууралуу болуп жатат”,-дейт Алымбаева.
Ал ошондой эле 17-марттан тартып уюм баштай турган тренингдер курсу чакан капиталы бар калктын катмарына арналганын белгилеп өттү. 
"Биздин курстарда баардык каалоочулар анча чоң эмес капитал менен бизнести кантип баштоо керектигин үйрөнүшөт. Ошондой эле биз реалдуу жашоону карап көрүп курстун баасын ынгайлуу кылдык. Курстарга орточо айлык алган адамдар гана келе алышпайт. Мен өз өлкөмдү өнүктүрүүгө өз салымымды кошсом деп көптөн бери эле кыялданып жүргөм. Жана биздин уюм болочокто өлкөдөгү жумушсуздуктун кыскарышына таасир бере турган, ийгиликтүү бизнес ачып жана өнүктүрө турган көпчүлүк жаштарга түрткү берет деген ойдомун”,-деп эсептейт ал.      
Ошондой эле биздин курстардын алкагында кызыктуу бизнес-долбоорлорду каржылоо каралган. 
Мындан тышкары болочокто биз ар бир райондо тренинг өткөрүүнү пландап жатабыз. 
"Аймактагы көптөгөн жаштар өздөрүнүн бизнестерин ачкылары келет, бирок жетишерлик билими болбогондуктан жакшы капитал топтоп алалы деп күтүп жатышат. Акча топтолгончо убакыт өтүп кетет, убакыттын өтүшү менен каалоо басаңдайт жана көптөгөн жакшы пландар ишке ашпай калат. Мындай жаштарга биздин тренингдер керек. Чөнтөккө ылайыктуу баалар жана окууга карата түзүлгөн мүмкүнчүлүк ишкер болуунун кыйын жолун бир кыйла жеңилдетет. Ийгиликтүү ишкерлер канчалык көп болгон сайын биздин өлкөнүн экономикасы дагы ошончо өнүгөт”,-деп эсептейт Алымбаева.

Ссылка: https://barometr.kg/content12415



Добавить комментарий