Кар көчкү түшүп Бишкек-Ош жолу эки тарапка тең жабылды

14 марта 2018 09:52 716 Barometr
Поделиться в:
ok

Кар көчкү түшүп Бишкек-Ош жолу эки тарапка тең жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 13-мартта түнкү саат 22.40 чамасында Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында көлөмү 2,5 млн. куб кар көчкү түштү.

Учурда Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери жеринде изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери Ош тараптан Бишкекти көздөй келе жаткан автоунааларды артка кайтарууда.

Токтогул районунун Арал постунда эки чатыр тигилип, жүргүнчүлөргө ысык чай уюштурулду.

Жалал-Абад облустук милициясы Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул райондорунда жана Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларында блокпостторду орнотту. Азыр Кара-Көл шаарында 25 оор жүк ташуучу, 110 жеңил автоунаа, Токтогул районундагы Арал постунда 50 оор жүк ташуучу, 60 жеңил, Базар-Коргон районунда 5 оор жүк ташуучу, Сузак районунда 20 оор жүк ташуучу, жети жеңил машине токтоп турат.

Жол качан тазаланып бүтүп, ачылары кабарлана элек.

Ссылка: https://barometr.kg/content12405



Добавить комментарий