Чаткалда жергиликтүү тургундар Иштамберди кенин иштеткендердин 15 фурасын басып алды

13 марта 2018 21:53 960 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бүгүн, 13-мартта Чаткал районунда 20га жакын жергиликтүү тургундар Иштамберди  алтын кенин иштетип жаткан 15 фураны токтотушту.

Терексай айылында жергиликтүү тургундар 7 фураны, Кызыл-Токой айылында 8 фураны кармашкан, алар кенден Кытайга алтын концентартын экспортко алып бара жатышкан.

Мындай жол менен жергиликтүү тургундар эки айылдын ортосунда 16 чакырым узундуктагы ички жолду куруп берүүнү талап кылууда. Ошондой эле тургундар кенди иштеткендер Чаткал районуна социалдык пакетти берүү талабын коюшууда.

Белгилей кетсек, кен Ала-Бука районундагы айылдан 20 чакырым аралыкта жайгашкан. Компания Ала-Бука районуна социалдык пакет сунуштаган, анын алкагында компания социалдык объектилерди, ички жолдорду жана башкаларды курууда.

Укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик органдары элге түшүндүрүү иштеринин жүргүзүүдө, бирок фураларды бошото албай жатышат.

Эскерте кетсек, буга чейин 19-февралда Ала-Бука райондук ички иштер башкармалыгына 70-80 арматура менен куралданган адамдар кенге кирип келип каптарга алтын кендерин салып кетип жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Милициянын он кызматкери окуя болгон жерге дароо барышкан. Бирок мыйзам бузгандарды кууп тарата алган эмес. Бир аптандан кийин гана ЖМКда макала жарыялангандан кийин мыйзамсыз кен ташыгандарды токтотууга мүмкун болгон.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12396



Добавить комментарий