Жол кайгуул кызматкерлеринин бактардын артына жашынуусуна тыюу салынды

13 марта 2018 17:20 1121 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстанда Жол кайгуул кызматкерлеринин бактардын жана башка тоскоолдуктардын артына жашынып алып иштөөсүнө тыюу салынды.

Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, мындай буйрукту Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Рустам Жураев бекитти.

Буга чейин ИИМ өкүлдөрү кызматкерлердин ачык дагы, тоскоолдуктардын артына жашынып дагы иштөөгө укугу бар экенин айтып келишкен.

Акыркы бир нече жумадан бери борбордо унааларды токтотууга тыюу салган жол белгилери каттоого алынып, башкармалыктын сайты ачылды. Ал жерге колдонуучулар жол эрежеси бузулган учурлар тартылган тасмаларды жөнөтө алышат. Андан тышкары Жол коопсуздук башкармалыгы жарандар менен интернет аркылуу байланышын активдештиргени байкалууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12392



Добавить комментарий