Бишкектен Баткенге учуп кеткен учак аэропортко коно албай калды

13 марта 2018 16:56 2571 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектен Баткенге учкан учак аба ырайынын шарттарынан улам кайра кайтып келди. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Учак бүгүн саат 11.26да Бишкектен учкан.

Бирок Баткендеги коюу туман жана аба ырайынан начар шарттарынан улам самолет аэропортко коно алган эмес. Учкучтар учакты кайра артка буруп Бишкекке учуп келишти.

Учуу 1 саат 6 мүнөткө созулган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12390



Добавить комментарий