Орусиянын "кара тизмесинде" 77 миң кыргызстандык бар

13 марта 2018 16:40 401 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевдин 13-мартта журналисттерге берген маалыматына караганда, булардын ичинен 50 миң мигрант сот чечими менен "кара тизмеге" кирген, ошондуктан алардын кайра чыгышы кыйын. Ал эми калган 27 миң мигрантты "кара тизмеден" чыгаруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат:

- Биз "кара тизмеге" бир-эки жолу эреже бузган жарандар киргизилбесин деп сунуш кылып жатабыз. Орусиялык кесиптештер сунушубузду түшүнүү менен кабыл алып жатышат. Сүйлөшүүлөр уланат, 30-мартта ЕАЭБдин өкүлдөрү Москвада жолукканда да бул маселе көтөрүлөт.

Айдаралиевдин айтымында, 2015-жылы Орусиянын Федералдык миграция кызматынын "кара тизмесинде" 180 миң кыргызстандык жаран болсо, 2017-жылдын 1-январына карата алардын саны 110 миңге чейин азайган.

Бүгүнкү күнү Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын расмий саны 640 миң адам. Бул жалпы чет жакта иштеген мекендештердин 88% түзөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content12389



Добавить комментарий