Дарыгерлер айлыктары көбөйгөнүнө нааразы болушууда

13 марта 2018 15:39 1561 Barometr
Поделиться в:
ok

Канаданын Квебек провинциясында жүздөгөн врачтар алардын эмгек акысын көбөйтпөөнү суранышууда. Бул тууралуу Yahoo кабарлады.

Дарыгерлердин жергиликтүү бийликке карата жазган кайрылуусунда саламаттыкты сактоо тармагын каржылоо саясатын кайра карап чыгуу сунушталган.

Нааразы болгон 500 дарыгерден тышкары, айлыкты жогорулатпоо өтүнүчүн жогорку окуу жайда окуган 150 студент да колдогон.

“Бул жогорулатуу бизди шок кылды. Медайымдар бизден алда канча аз алышат. Тиешелүү медициналык тейлөө көрсөтүлбөй жаткан кардарларды айтпай эле коелу”,-деп жазылат алардын кайрылуусунда.

Расмий маалыматтар боюнча 2017-жылы мамлекеттик клиникада иштеген дарыгер орточо эсеп менен жылына 260 924 доллар алган.

Ссылка: https://barometr.kg/content12385



Добавить комментарий