Өзгөндө 14 киши салатка ууланып ооруканага жаткырылды
Поделиться в:
Өзгөн районунда 14 киши тамак-ашка ууланып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ботулизмдин белгилери менен келген бейтаптар ооруканага 12-13-мартта жаткырылган. Алардын төртөө жаш балдар.
Алдын ала берилген маалыматтарга таянсак, жабырлануучулар үй шартында кышкыга жабылган салаттардан ууланган. Азыркы учурда тиешелүү лабораториялык текшерүү жүргүзүлүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content12381
Добавить комментарий ×