Кыргызстан-Мьянма футболдук беттешүүсү качан болот?

13 марта 2018 14:19 708 Barometr
Поделиться в:
ok

Азиянын футбол боюнча кубогуна тандоо турунун алкагында Кыргызстан-Мьянма футбол командаларынын качан беттешери белгилүү болду. Оюн 22-мартта Түштүк Кореяда өтөт. Бишкек убактысы боюнча саат 12де башталат.

Беттеш өткөн жылы Бишкекте 5-сентябрда эле өткөрүлмөк. Бирок коопсуздук максатында матчты кийинкиге жылдырышкан.

Төрт оюндун жыйынтыгы менен Кыргызстан 7 упайга ээ болгон жана тандоо тобунда 2-орунда турат. Мьянма 5 упай алган.

Ошондой эле 28-мартта Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Индиянын командасы менен мелдеш өткөрөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12380



Добавить комментарий