Байларды коштоп жүргөн бишкектик эскорт кыз канча акча табарын айтты

13 марта 2018 14:05 928 Barometr
Поделиться в:
ok

 Эскорт сөзүнүн мааниси бул кандай түрдө болбосун коштоп жүрүү дегенди билдирет. Дүйнөлүк коомчулукта абдан ачык айтылбаса да азыр кино, модель бизнеси менен катар эскорт да өнүгүп жатат. Көптөгөн эскорт агенттиктери кардарларына өз тейлөөсүн сунушташат. Колунда бар мырзалар мындай агенттиктерге кайрылып ар кандай жолугушуу кечелерине,  майрамдык иш-чараларга барууга эскорт жалдашат. Биздин каарман-аты-жөнүн Махабат деп өзгөрткөн (эскортто эң башкысы бул жашыруун калуу) бишкектик кыз кандайча эскортица болуп иштеп калганын айтып берди.

“Мени бул жумушка турмуш мажбурлады. Азыр 22 жаштамын окуйм жана бул жумушта иштейм, чет тил курсуна, фитнес клубга барам.  Мен эксортто көпчүлүгү туура эмес түшүнгөндөй интимдик тейлөө эмес, ишкер жолугушууларга гана коштоп баруучумун. Менин жакын курбум бул ишти 5 жыл мурда эле баштаган.  Мен өзүм жеке иштейм, туруктуу кардарларым бар. Жумушум жөнөкөй эле, кардар телефон чалып жолугушчу жерге чакырат. Алдын ала кийим, чач жасалгасын тандоого туура келет. Көбүнчө ишкер жолугушууларды ресторандарда өткөрүшөт, чет өлкөгө да чакырткан учурлар болот, бирок мен чет өлкөгө барган эмесмин.

Айрым эскорт кызматындагылар жолугушуудан кийин мейманканага кетишет. Айрымдар бул ишти ушундай керек деп статус үчүн гана колдонушат. Негизинен алар бизнесмендер, саясатчылар, кээде чет элдиктер. Бул жерде кыз жакшынакай келбетинен тышкары сүйлөшө билүүсү, психологияны жакшы өздөштүрүүсү, чет тилдерин билүүсү да керек. Мен көбүнчө бизнесмендердин жанына  отурам, алар кайсы бир долбоорду утуп чыгышы же шериктешин макул кылышы үчүн ээрчитип барышат. Сулуу аялдын жанында отурганда баары дебейин көп эркектер өзүн баатыр сезет. Бул психологиялык пландан алганда анын кардарымдын тигил же бул талабына макул болуусуна түртөт.

Бишкекте коштоп жүрүү бир жолугушууга орточо эсеп менен 400 доллар турат. Айрымдар атактуу болгону үчүн саатына 4-5 миң доллар алат деп угуп жүрөм. Андан тышкары кардар өз ниетинен акча сунуштайт. Орточо эсеп менен айына 3 миң доллар табышат. Бул жумуштун эң начар жери акча төлөгөндөн кийин каалагандай колдонобуз деген эркектер болот. Бул үчүн аял ишенимдүү түрдө жүрүшү жана өзүнүн тейлөө чөйрөсүн так аныктап айтып бериши керек”,-дейт Махабат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12376



Добавить комментарий