Күндүз карыларды багып, кечкисин куурчакка айланган кыз

13 марта 2018 12:28 2025 Barometr
Поделиться в:
ok

Швецияда жашаган Люсия күндүз улгайган кишилерди багуучу болуп иштейт, ал эми кечинде сүйүктүүсүнө жагыш үчүн куурчактай болуп жасанат. Бул үчүн анын соцтүйүндөгү колдонуучулары куурчак кыз деп атап алышкан. Ал учурда 20 жашта, мындай стилге өтүүгө 15 жашынан тартып аракет кылып келет. Кыздын баштапкы готикалык стилине режиссер Тим Бертендун готикалык тасмалары таасир берген.

Бара-бара ал кара түстөрдү кийип, чачын кыска кыркып жүргөн готикалык образдардан тажап, чыныгы кичинекей кыздардай, тактап айтканда куурчактардай көрүнгүсү келе баштаган.

Люсия линза тагынат, эч качан пластикалык хирургдун кызматынан пайдаланган эмес, бирок анын бул келбети үчүн социалдык түйүндөрдө көп сын айтылат. Ошентсе да Instagram баракчасына көп колдонуучу жазылган.

“Мен кечке чейин иштеп келем, кечинде сериал көрөм, ал эми сүйгөн жигитиме жагыш үчүн кээде ушундай кызыктуу образдарды түзүп, баракчама жүктөйм”,-дейт Люсия.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12374



Добавить комментарий