Сегиз жаштагы кызды сабоого өгөй энеси шектелип жатат
Поделиться в:
Катуу сабалган сегиз жаштагы кыз аны өгөй апасы сабаганын айтууда. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Аталган маалыматка таянсак, азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.
“Бул боюнча кылмыш иши козголду. Кыз аны өгөй апасы сабады деп айтып жатат. Ага ким мындай залал келтиргени тергөө учурунда аныкталат”,-деп кабарлашты ИИБден.
Эскерте кетсек, буга чейин сегиз жаштагы катуу сабалган кыз Бишкектеги ооруканага жаткырылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content12370
Добавить комментарий ×