ЖЭБдин директору Воропаев: Авариянын себеби адамдык факторго байланыштуу

13 марта 2018 11:08 763 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек 30 градустук суукта бир нече күн жылуулугу жок калган Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария болгон күндөн тартып бир жарым ай өттү. Квартираларда жылуулук болгон эмес, өлкөнүн башкы жылуулук борборунда болгон штаттык эмес жагдай боюнча көп суроо пайда болгон. Айрым суроолордун эмдигиче башы ачыла элек.

Негизинен аварияга жоопкер болгон тараптар боюнча көп суроо жаралды. Биринчи кезекте ЖЭБдин директору Нурлан Омуркул уулун иштен бошотушту. Анын ордуна башкы инженердин орун басары, буга чейин да аталган ишкананы жетектеген Андрей Воропаевди дайындашты.

Ведомстволор аралык комиссия бир нече техникалык кызматкерлерди бошотууну, ал эми айрымдарына тартиптик жаза берүүнү сунуштаган. Депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн жана коомчулукту Бишкек ТЭЦин модернизациялоого бөлүнгөн 386 миллион доллар насыяны чыгымдалышы тууралуу суроо кызыктырды.  

"Азаттык" актуалдуу маселелерге жооп издеп (жылытуу мезгили аяктап калса дагы) ЖЭБдин директору Андрей Воропаев менен маектешти.  

 

-  26-январда болгон авариянын себептерин айтып бериңизчи... 

-Себеби - от казандарда суунун жетишпей калуусу. Башкача айтканда химиялык цех жабдууну өз маалында ишке кошкон эмес, ал эми суук башталганда от казандар жана трубаларга күч келип суу жетишпей калган.      

- Бул эмне үчүн болгон адамдык факторбу же техникалыкпы?

- Бул көбүрөөк жагынан адамдык фактор.Тактап айтканда жабдуу убагында иштетилген эмес. Бул чечимди химиялык цехтин башчысы, станциянын нөөмөт башчысы кабыл алат.     

-  Ал эми жетекчилик техникалык маселелерге жооптуубу? 

-  Албетте. Станцияда болуп жаткандын баары- иштин сапаты, баардык болгон кырсыктар, экология жана башкаларга ЖЭБдин жетекчилиги жоопкерчилик алат. 

- Ооба жетекчилик жоопкерчилик алды - директор иштен бошотулду. Ал эми башкы инженердин жоопкерчилиги канчалык? 

- Ооба, башкы инженер жоопкерчилик алат. 

-  Бир аз мурда “Азаттыкка” берген маегинде  ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Омуркул уулу олуттуу билдирүү айткан эле. Ал өзүнөн жоопкерчиликти албай туруп, ошол эле маалда башкы инженер жана анын орун басарларды дагы жооптуу болчу деп айтты...      

-  Мен бул туура эмес деп эсептейм. Башкы инженер албетте жоопкерчилик алат. Бирок ал өзү тараптан бул маселени чечүүгө колунан келгендин баарын жасады. Ошондой эле бизде башкы инженердин ишкананын иш режимине жоопкер болгон, режимди пландаган эксплатация боюнча орун басары бар. Дагы эки орун басары бар-алардын бири менмин жана дагы бирөө. Биздин жоопкерчилик - жабдуулардын оңдоодон өткөрүү.     

- Эгерде сиздин кызматты жогорулатса, логикалык жактан сиз ремонт иштерин ийгиликтүү ишке ашырган экенсиз да? 

- Ремонт иштерин аткаруу боюнча эскертүү болгон жок. 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12365



Добавить комментарий