13-март: жаан жаап соңунда карга айланат

13 марта 2018 09:29 430 Barometr
Поделиться в:
ok

13-марттан 16-мартка чейин туруксуз аба ырайы сакталат. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, 14-мартта күндүз жана 15-16-мартта Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

13-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12 градус жылыйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...+4, күндүз 5...10 градуска жылыйт.

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5 градуска чейин төмөндөп, күндүз 1...6 градус жылуу болот.

13-мартта Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 3...5, күндүз 9...11 градус жылуу болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12354



Добавить комментарий