Жерде 18-мартта катуу магниттик бороон болот

12 марта 2018 19:14 5602 Barometr
Поделиться в:
ok

 Жерде 18-мартта катуу магниттик бороон болот. Бул тууралуу Your News Wire булагы кабарлады.

Аталган бороон спутниктерди, GPS-навигацияларды жана  электр түйүндөрүн иштен чыгарышы мүмкүн.

 Күндөгү жарылуудан кийин Жер планетасында пайда болгон магниттик бороондор адамдардын ден соолугуна көп таасир берет. Анын кесепетине биринчи кезекте артериалдык гипертония, жүрөк оорусу барлар кабылышы ыктымал.  

70 пайыз инфаркт, гипортониялык кризистер жана инсульттар магниттик бороон учурунда болору далилденген.

 Бороон болгон учурда көбүрөөк суюктук ичип жана электр жабдууларын колдонууну азайтуу кажет экенин адистер белгилешти.

“Көбүрөөк уктап, кофени, алкоголду көп ичпөө, сиңирүүгө оор болгон азыктар менен тамактанганды азайтуу сунуш кылынат”,-дейт Россиянын илимдер академиясынын адиси Виктория Порошенко.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12347



Добавить комментарий