Интерьердеги жаңы мода: өсүмдүк өскөн дубал (фото)

12 марта 2018 17:37 1495 Barometr
Поделиться в:
ok

Мекемелердин,батирлердин, үйлөрдүн дубалдарына өсүмдүк өстүрүү бүгүнкү күндө абдан популярдуу болуп жатат. Негизинен бул жерге турукташтырылган мох өсүмдүгүн колдонушат. Дизайнерлер бул материал кожоюндар аны багып карабаса деле фитомодуль болуп, интерьерди жашылдандырууга уникалдуу мүмкүндүк түзөт дешет.     Турукташтырылган мох-бул толук бойдон нукура өсүмдүк эмес. Мохтун ширесине атайын минералдары бар биологиялык эритинди кошулат. Ошондуктан бул өсүмдүктү сугаруунун кажети жок, ал жумшак жана жагымдуу болуп сонун көрүнөт. Жашыл дубалдардан тышкары мындай мохту ваннага килемче,  уктоочу бөлмөдөгү чыракка абажур катары колдонушат. Мох көгөрүп кетпейт жана аллергия кылбайт сууну талап кылбайт, болгону кез-кезде гана бөлмөнүн абасы кургап кеткенде пульверизатор менен суу чачып коюуга болот.  

Ссылка: https://barometr.kg/content12344



Добавить комментарий