Бешбармак жасоонун видеотасмасы Гиннеске жиберилет

12 марта 2018 16:56 743 Barometr
Поделиться в:
ok

Уюштуруучулардын бири Элнура Кулуеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, Гиннестин рекорддор китебине кыргыздын бешбармагын киргизүү талаптары боюнча демилге ээси Гиннестен эки өкүл чакырууга же процесс тартылган видеотасманы аларга жиберүүгө тийиш:

“Эгер өкүл чакырсак, алардын ар бирине он миң доллардан гонорар төлөп, виза ачтырууну жана жол киресин кошо санаганда ар бирине он алты миң доллардан сарптап калат экенбиз. Ошондуктан биз экинчи талабын - бешбармак даярдоонун бардык процессин видеотасмага алып, аны англис тилине которуп, Гиннеске жиберүү талабын тандап алдык. Ага ылайык, биздин ишибизге белгилүү он медиа өкүлчүлүгү, Швециядан келген эки ашпоз күбө болуп, алардын катышуусу менен жылкы союлгандан тартып, бардык процесс видео тасмага алынды. Буюрса, "Арт" студиясы даярдаган видеотасма бүгүн-эртең Гиннеске жиберилет.

Элнура Кулуеванын айтуусунда, кыргыздын бешбармагын дүйнөлүк рекорддор китебине киргизиш үчүн алардын бардык талаптары сакталып, жасалды. 1 тонна 464 кг бешбармак жана 117 метр чучук жасоого 40тан ашуун ашпозчулар, жүздөгөн ыктыярчылар катышты.

Тамак үчүн сегиз жылкы союлган, жалпысынан бир жарым тоннага жакын эт бышырылды. 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулган. Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана “Аю Гранд Комфорт” фирмасы менен чогуу уюштурду.

Казакстандын Астана шаарында 2015-жылы 736 килограмм бешбармак даярдалып, Гиннестин рекорддор китебине киргени кабарланган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12340



Добавить комментарий