Түркияда күйүп калган кыргызстандык кыздын абалы оор
Поделиться в:
Түркияда күйүп калган Кыргызстандын жаранынын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Учурда Консулдук кызмат департаментинин кызматкерлери кыздын жакындары менен байланышта болуп жатат. Кыздын бир тууган эжеси Түркияга учуп барууга ниеттенүүдө.
Эскерте кетсек, Измирдеги үйлөрдүн биринин бешинчи кабатынан 7-мартта өрт чыккан. Өрт курулуштун көп аянтын каптаган. Кыргызстандын жараны аталган өрттө жабыркаган.
Ссылка: https://barometr.kg/content12330
Добавить комментарий ×