Марска алгачкы корабль 2019-жылдын биринчи жарымында учат

12 марта 2018 12:52 895 Barometr
Поделиться в:
ok

SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск анын корабли Марска качан учурула турганын айтты. Масктын маалыматына караганда корабль 2019-жылдын биринчи жарымында учурулат. Бул тууралуу Lenta.ru кабарлады.

 “Биз азыр планеталар аралык кемени куруп жатабыз. Ал келерки жылдын биринчи жарымында учурулат”,-деп айтты Маск.

SpaceX BFR (Big Falcon Rocket) ракеталык системасы көп катмарлуу оор ракетадан жана ичине 100 киши бата турган учуучу кораблден турат. Орбитанын төмөнкү бөлүгүнө BFR 150 миң тонна жүк алып чыгууга мүмкүндүгү бар.

Ошондой эле 2022-жылы Марска эки жүк кемесин, 2024-жылы эки жүк жана эки учкучтары бар кемени учуруу пландалууда. Марска баруунун негизги максаты аталган планетага адамдарын колониясын жайгаштыруу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12327



Добавить комментарий