Окумуштуулар байлыктын сырын ачышты

17 февраля 2022 09:41 3082 Barometr
Поделиться в:
ok

Бай жана ийгиликтүү болуш үчүн талант да, күч-аракет да эмес, жөн гана мүмкүнчүлүктөрдү көрүп, аны убагында колдоно билгендик керек экен. Италиянын Катаний университетинин окумуштуулары бул компоненттер канчалык деңгээлде болушу керектигин жана ийгиликке жетиш үчүн жагдайдын канчалык жакшы түзүлүшү керектигин аныкташкан. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.

Адистер миңдеген адамдардан турган коомдун компьютердик моделин түзүп чыгышкан. Бул каармандардын баштапкы байлыктары, таланты жана интеллектери ар түрдүү болгон. Модель эң таланттуу, эң акылдуу адамдар 40 жыл ичинде бай жана ийгиликтүү болуп чыгарын көрсөтүшү керек болгон. Бир дагы персонаж мындай ийгиликке жеткен эмес.   

Окумуштуулар аныктап чыгышкандай, эң эле байлар болуп эң акылдуулар эмес, учурунда мүмкүндүгүн көрө билип, аны куру кетирбей кармап калгандар болору белгилүү болду. Ал эми учурунда мүмкүндүктү көрө билбегендер ийгиликке жана байлыкка жетиши кыйыныраак экен. Ал эми адам мүмкүндүгүн кармап калыш үчүн айланасындагы болуп жаткан жагдайлардан оңтойлуу учурду кармаганды үйрөнүү жөндөмүн өстүрүү кажет дешти.  

Ссылка: https://barometr.kg/content12323



Добавить комментарий