Акча маселеси мааниге ээ

12 марта 2018 10:51 931 Barometr
Поделиться в:
ok

12-марттан 18-мартка чейин Кыргызстанда дүйнөлүк акча жумалыгы өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Улуттук бантын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымдады.   

Анын айтымында, Кыргызстан бул акцияга төртүнчү ирет катышып жатат. Быйыл дүйнөлүк акча жумалыгы “Акча маселеси мааниге ээ” деген ураандын алдында өтүп жатат.   Бул аптада Улуттук банк коммерциялык банктар, мамлекеттик органдар, Депозиттердин коргоо агенттиги менен биргеликте жаштарга жана мектеп окуучуларына каржылык сабаттуулук тууралуу маалымат бермекчи. 

2017-жылы Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында Кыргызстанда 25 миң адам катышкан 700дөн ашык иш-чаралар өткөрүлгөн. Андан тышкары ЖМКнын көмөгү менен акция тууралуу 1,6 миллион адамга маалымат таратылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content12317



Добавить комментарий